Жогорку Кеңешке дагы жаңы эки депутат мандат алды

12:37, 01 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жаңы эки депутатына Боршайком мандат тапшырды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Алардын маалыматында, Равшан Рысбаев жана Мейкинбек Абдалиев мандат алышты.

Алар мандатын өз эрки менен тапшырган Марат Аманкулов жана Мамлекеттик мүлк фондуна жетекчи болуп дайындалган Мирлан Бакировдун ордуна келишти.