Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму Пасха жана Орозо айт боюнча кеңешин билдирди

11:02, 01 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму диний майрамдарды майрамдоо боюнча кеңешин жарыялады. Анда алдыдагы диний майрамдарды Пасха жана Орозо айтты ачык абада өткөрүү сунушталат.

Санитардык талаптарды сактап, майрамдоонун убакытын жана адамдардын санын кыскартуу зарылдыгы белгиленет.

Белгилей кетсек, Пасха майрамы 2-майда, Орозо айт 12-13-майда өтөт.

Май айында андан сырткары, Эмгекчилер күнү, Конституция күнү жана Жеңиш майрамы белгиленет.