Камчыбек Ташиев: Чечме боюнча чечим кабыл алынган жок

09:29, 31 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунун Кадамжай районундагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагы боюнча аягына чейин бир чечим кабыл алынган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун эли менен жолугушууда билдирди.

«Кадамжай районунун Бирлик айылында Чечме деген булак бар. Билесиздер, былтыр ошол жерде чоң жаңжал чыгып, эки эл кагылышып кеткен. Ошол боюнча аягына чейин чечим кабыл алынган жок. Бүгүн барып көрүп келдим, Чечме булак эки сотых жер экен. Бирок ата-бабаларыбыздан калган, жогору жагында алардын мүрзөлөрү бар экен. Ачык айтканда, биз макулдашууга келе алган жокпуз. Эки сотых жер, тегерегин кошкондо 1 гектардай болуш керек. Бирок 1 гектардай жерди, эки сотых булакты макулдашпай калдык деп, башка жерди таштап кое алган жокпуз. Башка жакты бүтүрүп кое берели. Кудай буйруса, ал жак да бүтөт. Кудайдын айткан күнү бүтөөр акыры. Ошого аны ошол бойдон калтырдык. Башка точкалардын баары бүттү», - деди Ташиев.

Былтыр 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган.

Кыргызстандын аймагында анклав болуп жайгашкан Сох районунда 80 миңдей киши жашайт.

Камчыбек Ташиев менен өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн түштүк аймактарын кыдырып жүрүшөт.