Бул тууралуу АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча федералдык борборунун (СDC) отчетунда айтылат.
Эки вакцинанын эффективдүүлүгү 90% түзгөн. Вакциналардын биринчи дозасы вирустан 80% коргогон. Вакциналар бир нече жума тыныгуу менен эки жолу сайылат.
Иликтөөгө катышкан үч миңдей кишинин арасынан үч ай аралыгында 11 киши гана коронавирус жуктуруп алган. Бул клиникалык сыноолор учурунда белгилүү болгон. Иликтөө вакциналардын мутацияланган жаңы түрүнөн да коргоого кудуреттүү экенин көрсөткөн.
СDC башчысы Рашел Валенски вирустун улам жаңы түрү чыгып, адамзатты кооптондуруп жаткан маалда «бул иликтөө өтө чоң үмүт жаратууда» деп билдирди.
Дүйшөмбү күнгө карата америкалыктардын 29% COVID-19га каршы вакцинанын бир дозасын алды.