COVID-19. Вируска анализ тапшыргандардын саны бир аптада эки эсеге өстү

11:36, 30 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Акыркы сутка ичинде 5 миң 493 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, өткөн шейшемби күнү (23-мартта) 2 миң 571 ПЧР изилдөө болгон.

Ооруканага жаткырылгандардын дагы саны өсүүдө. Учурда 530 бейтап вирустан дарыланууда.

Алардын 115 оор, 22си өтө оор абалда.

Дагы 577 адам үйдөн дарыланууда.