COVID-19. Бишкекте соода борбоолорундагы балдар аянттары кайра жабылды

10:46, 30 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте соода борбоолорундагы балдар аянттары кайра жабылат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, балдар аянтчалары 1-апрелден тарта эки аптаган жабылат.

«Эпидиомологиялык кырдаалды сактоо үчүн соода борборлорунда санитардык талаптар күчөтүлөт. Бул убактылуу чара», — дейт ал.

Вице-мэр коомдук транспортто дагы текшерүүлөр күчөтүлүп, бет кап тагуу зарылдыгын белгиледи.