09:38, 29 марта 2021, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында ишембиликке катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Ишембиликтин катышуучулары сейил бакка бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, аймагын тазалап, көрктөндүрүштү.