13:04, 26 марта 2021, Бишкек - 24.kg
Мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровду эмдөө маселесине байланыштуу түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, лабораториялык кан анализдеринин изилдөөсүнө ылайык, Садыр Жапаровдо коронавирус инфекциясына каршы антителолор буга чейин бул илдетке кабылгандыктан жетиштүү көлөмдө табылган.
«Дарыгерлердин кеңеши боюнча учурда президентте эмдөөдөн өтүүнүн кажети жок. Эгерде убакыттын өтүшү менен антителолордун саны жоголсо же сезилерлик азайса, анда Садыр Жапаров коронавируска карата сөзсүз түрдө эмделет», — деди Байтерек.
Белгилей кетсек, 29-марттан баштап Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабын баштайт. Министр Алымкадыр Бейшеналиев биринчи болуп эмдөө алат.