10:32, 26 марта 2021, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы ырчы Анжелика Кайратовага эскертүү берди. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ырчынын «Де-факто» гезитине берген маегинде рекламалык материалды ким төлөп жатканы көрсөтүлгөн эмес. Бул мыйзам бузуу болуп саналат.
Ырчы ат салышып жаткан «Биздин эл» партиясы интервью шайлоо өнөктүгү башталганча берилип, бирок, гезиттин катачылыгынан улам 12-мартта чыккандыгын айтышты. Мындан улам Анжелика Кайратова кат түрүндө эскертүү берилди.
Анжелика Кайратованын ГИВ ойнотуп, батир жана башка белектерди убадалышы боюнча иш Башкы прокуратура тарабынан каралууда.