COVID-19. Бир суткада 100 кишиден вирус аныкталды

10:05, 26 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 100 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 45, Ош облусу — 2, Чүй облусу — 46, Ысык-Көл облусу — 5, Жалал-Абад облусу — 1, Баткен облусу — 1 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен каза болгондор жок.

Март айынан бери 87 миң 858 киши вируска чалдыгын, 1 миң 494 бейтап көз жумду.