Британиялык коронер: Айсултан Назарбаевдин өлүмүнө маңзат себеп болгон

16:10, 25 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Улуу Британиянын сырдуу өлүмдөрдү иликтеген атайын өкүлү Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээн небереси Айсултан Назарбаевдин каза болушуна маңзатка көз карандуулук себеп болгон деген бүтүмгө келди. 

Иликтөөнүн жыйынтыгы 24-мартта жарыяланды. Бул мурунку президенттин небересинин өлүмүнүн айланасындагы ар түрдүү шектенүүлөргө чекит коет деп айтылат.

29 жаштагы Айсултан Назарбаев 2020-жылы 12-августта Лондондогу паркта эс-учун жоготкон абалда табылган. Кийинчерээк анын кайтыш болгону жарыяланган.

Ал соңку мезгилде өзүнүн жакын туугандарына ар кандай дооматтарды тагып, Казакстандын бийлигин сындап келген.

Айсултан Назарбаев Казакстандын сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу. Атасы Рахат Алиев 2015-жылы австриялык түрмөдө каза болгон.