05:46
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

«Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссия. Депутаттардын өзүнө өз ишеними кеткенде

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы эмне менен эсте калды? Жалаң эле ызы-чуулар — катардагы аткаминерди кийген кийими үчүн тилдеп, төрагасы баш болуп жөнөкөй сөздү туура окуп, же айта албай. Ага кошумча айрым чечимдери менен парламенттик башкаруу тутумуна көлөкө түшүрдү. Анткен менен депутаттар жогорку чеберчилик менен жасай алган бир иш бар — ал инвесторлордун тынчын кетирүү.

Мамлекет кулап баратса, анда инвесторлорду текшерүү керек

2021-жылы «Кумтөр» кенин текшерүү үчүн кезектеги мамлекеттик комиссия түзүлдү. 1992-жылдан бери иштеп, кайра -кайра текшерилип жаткан компанияны депутаттар миңинчи жолу электен өткөрмөй болушту.

Албетте чет элдик инвесторлорго мындай ашыкча текшерүүлөр жага бербейт. Анүстүнө комиссиялардын баары эле мыйзам чегинде иш алып барса бир жөн.

Депутаттар тарабынан түзүлгөн комиссиянын легитимдүүлүгү суроо жаратат: мөөнөтү өткөн жылы аяктаган парламент бирөөнү текшере алабы?

«Кумтөр» кенинин өлкө үчүн маанилүүлүгүн элдин баары билсе керек. Бул жөн эле компания эмес, Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 10 пайызын жана өндүрүштүн 20 пайызын түзгөн инвестициялык флагман.

«Кумтөр» — бул миллиард сомдук салык жана башка төлөмдөр, ишканадагы 4 миң жана дагы башка тармакта түзүлгөн 10 миң жумуш орду.

Албетте мындай экономикалык гигант көптөрдүн тынчын алып, текшерүүгө түртөт. Бирок, өлкөдө салыкты убагында төгүп, экономиканын негизги бөлүгүн кармап турган ишкана барбы?

Эгер «Кумтөр» пайда алып келбеген, «колу кир» аткаминерлер менен мамиле күткөн ишкана болгондо ага жакындагандан дагы коркушмак.

2019-жылы ал кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 106 мамлекеттик ишкананын 51и пайда алып келбестигин айткан. Ал эми мамлекеттин үлүшү бар 52 акционердик коомдун 22си чыгым менен гана жашап жатканы маалымдалган. Анткен менен чыгымдан башы чыкпаган ишканалардын көпчүлүгүндө 100дөгөн кишилер иштеп, кендерди казып, ири өндүрүш аянттарын иштетип келишет. Эмнеге ошол компаниялардын тагдыры эл өкүлдөрүнө кызыгуу жаратпайт?

Жүз жолу текшерилген ишкананы кайра текшерүүнүн себептери

Мамлекеттик комиссияны түзүү өзү эле мыйзамдарга каршы келет. Жогорку Кеңештин регламентинин 107-беренесинде парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө 4 ай калганда убактылуу комиссия, бир эле маселени эки же андан көп жолу текшерүү үчүн депутаттык топ түзүүгө тыюу салынган. «Кумтөр» боюнча 1994-жылдан бери канча комиссия түзүлбөдү?! Эң белгилүү комиссия 2012-жылы иш алып барган.

Баардык комиссиялардын отчеттору компанияда жана мамлекеттик органдар дагы бар. Бир ишти кайра-кайра жасап чыгуунун кажети барбы?

Дагы бир жагдай: бир дагы депутаттык текшерүү эл аралык компания тарабынан ырасталбаса ал эч кандай эл аралык күчкө ээ эмес. 2012-жылы мамлекеттик комиссия Barlev Associates Accountants Investigative Auditing (Барлев Ассошейтс Аккаунтентс Инвестигейтив Аудитинг), Y.Mushkat (Йорам Мушкат) компаниясынын эксперттерин ишке тартып, ага 945 миң доллар акы төлөгөн.

Мисалы, кендин экологияга таасирин изилдөө үчүн Германияда жайгашкан институт жана Словениядагы лаборатория тартылган. Чет элдик адистер кумду, сууну текшерип, эч кандай зыяндуу заттарды табышкан эмес.

Эң кызыгы, бул жолку комиссиянын курамына 2012-жылкы депутаттык топто иштеген эле депутаттар киришти.

Алар Акылбек Жапаров менен Айнуру Алтыбаева. Өздөрүнүн 2012-жылы чыгарган бүтүмүн дагы бир жолу текшермей болушса, анда депутаттар өздөрүнө дагы ишенбей калышканбы?

«Кумтөрдүн» ишин бир нече жыл бою Жемкорлуктук алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Садыр Жапаров дагы убагында текшерген. Эми ал президент болуп, инвесторлорду коргоого аларын билдирди.

«Инвесторго кайсы бир органдар кысым көрсөтсө, агенттик аны коргоого алат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот», — деп билдирди Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине.

Демек, депутаттар президенттин сөзүн укпай, 2020-жылы эле Кыргызстанга 344 миллион доллар киреше берген ишкананы текшерүүгө киришишти.

Инвестициялык климат

2020-жылы Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү 477,6 миллион долларды түзүп, эки эсеге кыскарды.

2020-жылы Кыргызстандан 808 миллион доллар акча чыгарылып кеткен. Түз инвестициянын өлкөдөн алып чыгуу 20 пайызга көбөйгөн.

Инвесторлорду чочуткан депутаттар анан эле телекамера алдында уялбай экономикалык төмөндөөлөргө ар кимди күнөөлөп башташат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби