Өзбекстан Кыргызстанга эки ай электр жарыгын берип, суугат учурунда суу алат

14:53, 25 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан жана Өзбекстан электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча макулдашышты. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы.

«Токтогул суу сактагычына сууну топтоо жана 2021-2023-жылдар аралыгында Өзбекстандын айыл чарбасын сугат суу менен камсыздоо максатында 1 кВт/саат үчүн шарттуу баада 750 млн кВт/саатка чейин көлөмдө электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө макулдашууга жетишилди», — деп айтылат маалыматты.

Ошентип, Өзбекстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү 2021-жылы марттан октябрга чейин жана 2022-жылы март-апрель айларында ишке ашырылат, андан кийин 2021-2023-жылдардын июнь айынан августуна чейинки мезгилде Өзбекстанга электр энергиясынын ушул көлөмү кайтарылып берилет.

Белгилей кетсек, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 774 миллион кубометрди түздү. Өкмөт азырынча жапырт өчүрүүлөр болбостугун айтып, Өзбекстан менен Казакстандан электр жарыгын сатып аларын билдирди.