Олимпиада даярданып жаткан спортчуларга керектүү акчанын 20 пайызы гана бөлүндү

13:25, 25 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Олимпиада даярданып жаткан спортчуларга керектүү 105 миллион сомдун 16 миллион сому гана бөлүндү. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал спортчуларга каражатты толук бөлүп, байге фондунун көлөмүн 7 миллиондон 40 миллион сомго чейин көбөйтүүнү суранды.

«40 жылдан бери бизде олимпиада чемпиону чыга элек. Акыркы жолу 1980-жылы Каныбек Осмоналиев алтын медаль алган. Азыр Токио олимпиадасына үч ай калды», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Токиодо алты кыргыз спортчусу күч сынашат. Алар: Дарья Маслова, Юлия Андреева, Атабек Азизбеков, Айсулуу Тыныбекова, Мария Кробецкая.