02:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарын каржылоого 100 миллион сом бөлүнөт

Өзгөчө статуска ээ чек арадагы айылдардын саны 81ге көбөйтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча программасында белгиленет.

Аймактык өнүктүрүү агенттигинин директору Бактияр Салиевдин айтымында, ушу тапта өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесине 81 айыл жана 9 участок кирет.

«Биз чек ара аймагындагы калктын жашоосуна ыӊгайлуу шарт түзүп берип, ички миграция агымын азайтышыбыз керек. Ансыз чек ара көйгөйүнүн биржаӊсыл чечилиши кыйын. Азыр алардын тизмеси улам толукталууда. Мурда ал тизмеге 59 айыл киргизилсе, быйыл алардын саны 81ге жетти», — деди ал.

Андан тышкары, өлкө аймагындагы өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарын өнүктүрүү каржылоо маселеси да оӊ чечиле баштаганы белгилүү болду. Мисалы, бул багытта 2020-жылы 115 млн сом өлчөмүндөгү каражат жумшалса, 2021-жылга 100 млн сом, 2022-жылга 150 млн сом, 2023-жылга 200 млн сом, ал эми 2024-жылга 250 млн сом кароо чаралары мерчемделүүдө. Баяндамачы, бюджеттин каражаты жетиштүү болсо, каржылоо маселеси мындан да жакшыра турганын кошумчалады.

Белгилей кетек, өгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарынын тизмесине Баткен облусунан 61 айыл, Жалал-Абад облусунан 14 айыл, Ысык-Көл облусунан 4 айыл, Ош облусунан 1 айыл, Талас облусунан 1 айыл кирген. Бул аймакта 155 миӊден ашуун адам жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар