Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр башталды

17:03, 24 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Ташкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Сүйлөшүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон сапарында Шавкат Мирзиеев менен үч ай ичинде чек аранын калган аймагын аныктоо макулдашылган.