Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иштери токтотулду

11:25, 24 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иштери токтотулду. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Алардын билдирүүсүндө, мурдакы премьер-министр жана анын жакындарына карата козголгон кылмыш иштери толук токтотулду.

Өмүрбек Бабанов бюджетти колдоо үчүн 100 миллион сом төгүүнү убадалаган.