Уланбек Асанов Социалдык фонддун төрагасы кызматына дайындалды

18:35, 23 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Уланбек Асанов Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.