Конституциянын долбоору. Катылган эбегейсиз бийлик жана жоопкерчиликтин жоктугу

16:58, 24 марта 2021, Бишкек - 24.kg

11-апрелде Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өтөт. Белгилей кетсек, сунушталган вариант эксперттер тарабынан катуу сынга кабылууда. Адистер, Баш мыйзамдын жаңы редакциясы түшүнүксүз, чала жана өлкөдө диктатура орнотууга багытталганын айтышууда.

Конституциялык реформанын башкы демилгечиси Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген маегинде жаңы долбоорду «өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана тартип орнотуунун башкы кепилдиги» деп атады.

Бирок юристтер мамлекет башчысынын пикири менен макул эмес. Алар сунушталган долбоордо ачык көрүнгөн кемчиликтерден сырткары, катылган жагдайлар бар экенин айтышууда. Анын баарын талдап, туура добуш берүү өлкө жарандары үчүн оңой болбойт. Белгилей кетсек, 24.kg агенттигинин сурамжылоосуна катышкан жарандардын 60 пайызы Конституцияга эмне өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билишпейт.

Сырлар жана эбегейсиз бийлик катылган беренелер

Конституцияга 81 өзгөртүү киргизилип, же көпчүлүк беренелери жаңыланууда. Андыктан, талдоочулар иш жүзүндө бийликтин вертикалдык башкаруу формасын киргизген жаңы баш мыйзам сунушталып жатканын белгилешет.

Саясат тануучу Шерадил Бактыгуловдун айтымында, долбоордогу айрым карама-каршылыктар кийин саясый кризиске алып келет.

«Мисалы, президенттин аппаратынын башчысынын ыйгарым укуктары премьер-министрдин укуктарына тең. Бирок, өкмөт башчысын президенттин сунушу менен парламент, аппарат башчысын өлкө жетекчиси өзү дайындайт. Бул дайындоонун ар кандай механизми эмеспи? Дагы бир жагдай — курултай боюнча берене түшүнүксүз. Бир бөлүмдө аны мыйзам чыгаруучу орган катары көрсөтсө, ылдыйкы беренеде Курултайда мындай функциялары жок экендиги айтылат. Мындай келишпестиктер жаңы долбоордо толтура. Президенттин, Жогорку Кеңештин, министрлер кабинетинин жана сот бийлигинин ыйгарым укуктары так белгиленген эмес», — дейт Шерадил Бактыгулов.

Саясат тануучунун пикиринде, адам укугу бөлүмү гана толук иштелип чыккан. Бирок анда дагы карама-каршылыктар бар.

Шерадил Бактыгулов, азыркы долбоорго бир жылдан кийин эле өзгөртүүлөр киргизилерин айтат.

Конституциянын сунушталган варианты натыйжалуу болбойт.Анда толтура карама-каршылыктар бар.

Шерадил Бактыгулов.

Анүстүнө референдум жарыялоо боюнча мыйзам долбоор катачылык менен кабыл алынды. Демек, келечекте Баш мыйзам менен бирге референдум дагы жокко чыгарылышы толук ыктымал.

«Адилет» укуктук клиникасынын адистери Конституциянын жаңы долбоору укуктун үстөмдүгүн жокко чыгарарын айтышат.

Юристтер жаңы долбоор президенттин жеке бийлигин күчөтүүгө багытталганын белгилешет.

Аткаруу бийлигин да колго алган президент башка бийлик бутактарына, сот тармагына дагы көзөмөл кылат. Ошол эле учурда өлкө башчысынын жоопкерчилиги каралган эмес.

Сот бийлиги көз-карандысыздыкты жана өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жоготууда. Бул сот акыйкаттыгыны толук жоготуусуна жол ачат.

Президент чексиз бийликке ээ болуп, бирок аны чакырып алуу жолдору каралган эмес. Импичмент жарыялоо жол-жобосу татаалданган.

Сания Токтогазиева.

Сания Токтогазиеванын пикиринде, азыркы конституциянын долбоору адам укуктарын жана эркиндиктерин сакташы чоң суроо жаратат.

«Эми президент Акаев, Бакиев сыяктуу эле каалаган учурда референдум өткөрө берет. Биз билгендей Аскар Акаев референдум аркылуу төрт жолу Конституцияга өзгөртүү киргизген. Мындай укукту президенттен атайын алып салышкан болчу, эми кайтарып жатышат. Президент Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуштайт, өкмөттүн курамын аныктайт. Эң башкысы Конституциялык жана Жогорку соттун төрагаларын, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын, Башкы прокурор жана Боршайкомдун жарым мүчөлөрүн бекитет. Ошол эле учурда импичменттин жол-жобосу татаалданып, ага бөгөт коюлган десек болот», — дейт Сания Токтогазиева.

Президентке импичмент жарыялоо үчүн Башкы прокуратура жана Конституциялык соттун бүтүмү керек. Генпрокурор менен Конституциялык сотту президент дайындап жаткандан кийин, ага кантип импичмент жарыялоого болот?

Сания Токтогазиева.

Жоопкерчиликтин жоктугу мыйзамсыздыкка жол ачат

Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыккан кеңешменин мүчөлөрү жана анын жетекчиси Бекбосун Бөрүбашев баш болуп, тынчсызданууга нешиз жоктугун, юристтер көрсөткөн кемчиликтер жок экенин айтышууда.

Бекбосун Бөрүбашев Курултай менен Жогорку Кеңештин ортосунда эч кандай кайталанма функция жоктугун айтат. Анткени, Жогорку Кеңеш шайланып келет.

Профессор Зайнидин Курмановдун пикиринде, коомдогу көйгөйлөрнө Баш мыйзам эмес, саясатчыларда кабыл алган чечимине, ал эми жарандарда өз тандоосуна жоопкерчиликтин жоктугу себеп.

Бийлик бизде көчмөндөрдүн ыкмасы менен — күч менен алмашып, Конституцияны 95 пайыз добуш менен кабыл алып жатабыз. Анткени конституциялык аң-сезим калыптана элек.

Зайнидин Курманов.

Референдумга сунушталган долбоор кабыл алынары анык. Андыктан кабыл алынган Конституциянын ишке жарамдуулугу боюнча суроо туулат.