Белгилүү көк-бөрүчү Манас Ниязов мелдешке «Ала-Тоо» командасы менен катышты

10:52, 23 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Белгилүү көк-бөрүчү Манас Ниязов мелдешке «Ала-Тоо» командасы менен катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасында билдирди.

Манас Ниязов «Достук» командасынан кетип, Ош шаарынын «Ала-Тоо» командасына кошулган.

Ысык-Көлдө Нооруз майрамына карата өткөн республикалык мелдеште «Достук» тобу биринчиликти алып, «Ала-Тоо» төртүнчү орунга ээ болду.