14:00, 22 марта 2021, Бишкек - 24.kg
Бул жыл Кыргызстан үчүн шайлоолорго бай болду. Апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт. Күзүндө жаңы парламенттик шайлоо күтүлүүдө.
Шайлоолордун саны арбыганы менен кыргызстандыктарды кызыгуусу төмөндөөдө. Жыл сайын добуш берүүгө катышкандардын саны аз болууда. Биз эмне үчүн добуш берүү маанилүү экендигин жана «баарына каршы» добуш өтө жакшы тандоо эместигин түшүндүрөбүз.
Адатта жарандар шайлоо таза эмес жана жыйынтыгы алдын-ала даярдалганын айтышат. Бирок, ар бир шайлоо — бул өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк. Айрыкча жергиликтүү шайлоолор. Мында биз бийликтен натыйжалуу иштөөнү жана көйгөйлөрдү чечүүнү талап кыла алабыз. Андан сырткары, жергиликтүү кеңештин депутаттары шаар мэрлерин шайлашат. Андыктан депутаттардын сапатына шаардын келечеги байланыштуу.
Эгер жаран шайлоого келбесе, анын добушу аброю начар талапкер, же күчтөр үчүн колдонулуп кетиши ыктымал. Андан кийин шайлоого катышпаганын айтып, бийликти, депутаттарды жана мыйзамдарды сындоодон жыйынтык азыраак.
Добуш берүү менен гана биз өзүбүздүн өлкөбүздөгү жашоону тандай алабыз.
Бирок, иш жүзүндө мындай стратегия дайым эле иштей бербейт.
Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык «баарына каршы» графасы көпчүлүк добушту топтосо шайлоо жокко чыгарылат. Бул жобо жергиликтүү кеңештерге дагы тиешелүү.
Эгер референдумда шайлоочулардын жарымынан көбү баарына каршы добуш берсе, анда сунушталган варианттын бири дагы кабыл алынбайт.
Өткөн президенттин шайлоодо баардык талапкерлерге каршы 1,3 пайыз, референдумда 4 пайыз добуш топтолду. Демек, мындай жол менен каршылык көрсөтүү натыйжа бербейт. Ошол эле учурда татыктуу талапкерлердин добушун азайтып коесуз.
Добуш берүү — бул жарандын үнү. Шайлоочулардын активдүүлүгү бийликти кыймылдатып, жарандардын пикири менен эсептешүүгө, демек иштөөгө жана өлкөнү оңдоого түртөт.