Былтыр 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Чырдашкандарды тынчытуу үчүн Сохко барган Фергана облусунун ошол маалдагы акими Шухрат Ганиев жергиликтүүлөр менен жолугушуп жатканда пикир келишпестик жаралган. Аткаминердин орой мамилесине нааразы болгон анклавдагы айрым тургундар бийлик өкүлүн ташбараңга алууга аракет кылган.
Бул окуядан үч ай өткөн соң кылмыш иши козголуп, ондогон адамдар камакка алынган эле. Кыргызстандын аймагында анклав болуп жайгашкан Сох районунда 80 миңдей киши жашайт.