USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Кургак учук жуктурган аскерлердин саны он бешке жетти

13:00, 19 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү Бишкектеги аскердик бөлүктөрдөн кургак учук жугуп, ооруканага жаткан аскерлердин саны 15ке жетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык кургак учук боюнча диспансерден билдиришти.

«Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү № 97632 аскер бөлүгүнөн 14 адам, № 7412 аскер бөлүгүнөн бир кишиден кургак учук аныкталды. Инфекцияны жуктургандар бизге келгиче невролог, терапевт сыяктуу дарыгерлерге да кайрылган экен. Азыр абалдары туруктуу, дарыланып жатышат. Оору жуктургандар дагы аныкталып, саны көбөйүшү мүмкүн», — дейт алар.

Башкы штабдын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастап, окуяны Аскер прокуратурасы териштире баштаганын маалымдады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика