18:06
USD 84.80
EUR 102.34
RUB 1.12

COVID-19га каршы эмдөө Бишкеке, Ош жана Чүй облусунан башталат

«Эртең Кытайдан «Синафарм» аттуу вакцинанын 150 миң дозасы келээрин күтүп жатабыз», — деди маалымат жыйында Республикалык иммунапрофилактика борборунун жетекчиси Гүлнара Ишенапысова.

Айтымында, эмөө Бишкек, Ош жана Чүй облусунун эки районунан башталат. Биринчилерден болуп дарыгерлер менен мугалимдер эмделет.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги COVAX механизминин алкагында Россиядан вакцинанын келишин күтүүдө.

«Дүйнө жүзүндө калктын 65 пайызын эмдөө чечими кабыл алынды. Былтыр Кыргызстан кирешеси төмөн өлкө катары COVAX программасына кирген. Биз табыштама жөнөтүп, улуттук эмдөө планын иштеп чыктык», — деди Ишенапысова.

Анын айтымында, өлкө калктын 70 пайызын камтуу максатын койду, учурда эл аралык уюмдар вакцинаны сатып алууну каржылоосун күтүп жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар