«Мурас-Ордо» жаңы конушунда бычакталган баланын агасы табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.
Алардын билдирүүсүндө, үй-бүлөнүн улуу баласы жаңы конушунда четинде жашынып олтурган. Ал иттер менен изделип, кечээ кечинде табылды.
Бала ата-энеси, жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, кылмышын мойнуна алды.
Эскерте кетсек, кечээ «Мурас-Ордо» жаңы конушунда 13 жашар бала үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Анын сөөгүн үйдөн жумуштан кайтып келген апасы тапкан. 10-класста окуган агасы дайынсыз болгондуктан ал издөөгө алынган.