Президент Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

09:41, 17 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.