Референдум. Добуш берүү бюллютендери 1-апрелге чейин даяр болот

15:33, 16 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн өткөрүлө турган референдумга бюллютендер 1-апрелге чейин даяр болот. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

Маалыматка караганда, добуш берүү бюллютенинде «макул» жана «жок» деген эки графа болот.

Референдум 11-апрелде өтөт.

Конституциянын жаңы долбоору конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыгып, парламенттин макулдугу менен бүткүл элдик добуш берүүгө сунушталды.