USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Мамлекеттик комиссияга кирген депутаттар бүгүн «Кумтөр» кенине барышат

13:35, 16 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү «Кумтөр» кенине барышат. Бул тууралуу маалыматты компаниянын басма сөз кызматы ырастады.

«Кумтөр Голд Компани» акыркы 9 жылда, жыл сайын өткөрүүчү аудит жана текшерүүчү органдарды эске албаганда, компанияны төрт атайын түзүлгөн комиссия текшерип чыкты.

Ишкана баардык комиссиялар, жумушчу топтор, жергиликтүү жана чет элдик илимпоздор менен тыгыз кызматташып келе жатканын белгилейт.

«2012-жылдан бери кендин ишин текшерүү үчүн түзүлгөн комиссиялардын талабы боюнча «Кумтөр» 120 кенен баяндама даярдап берди», — дейт компания.

«Кумтөр» ар дайым ачык жана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иш алып барып келгенин баса көрсөтөт.

«Тийиштүү уруксат кагаздарын алуу үчүн компания мамлекеттик органдарга кайрылып турат», — дейт ал.

«Кумтөр» тоо-кен тармагындагы, айлана-чөйрөнү коргоо жаатында алдынкы тажрыйбаны, ыкмаларды колдонуп, өндүрүштүн эң коопсуз эрежелерин сактайт.

«Кумтор Голд Компани»

Компания коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу ишканага кирип-чыгуу чектелгенин белгилейт. Андан сырткары, компаниянын ашыкча имараты жок болгондуктан, мамлекеттик комиссиянын бөлмө жана керектүү эмеректерди бөлүп берүү сунушун аткара албайт.

«Ишкана Кыргызстандын өнүгүүсү жана экономикалык туруктуулугу үчүн тынымсыз иштөө зарылдыгын түшүнөт. Андыктан Кыргызстандын жарандары менен конструктивдүү диалог түзүп, баардык тараптардын кызыкчылыгын коргогон чечимге келүү маанилүү», — дейт «Кумтөр».

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика