14:04
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Баткенде жетекчилик кызматтагы 5 адам аттестациядан өтүп, үчөө өтпөй калды

Баткен облусунда жетекчилик кызматтагы 5 адам аттестациядан өтүп, үчөө өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-мартта Баткен облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады.

Облустук администрациянын бир кызматкери компьютердик тестирлөөдөн баш тарткан. Ага кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баа берилди. Дагы бир талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу аңгемелешүү этабына киргизилген жок.

Жыйынтыгында үч адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби