Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСин коңшу өлкө менен чогуу куруу тууралуу келишим түзүлгөнүн айтты. Бул тууралуу өлкө башчы 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирди.
Буга чейин белгилүү болгондой Өзбекстан менен энергетика жана өнөр жай министрлигинин багытында Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭС инвестициялык долбоорун биргелешип даярдоо жөнүндө макулдашууга жана электр энергиясын өз ара жеткирүү жөнүндө протоколго кол коюлган.
«Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен бирге куруу жөнүндө келишим түздүк. Азыр иш башталды. Кудай буюрса, Камбар-Ата-1 ГЭСин үч жылдын ичинде куруп бүтүү боюнча максат койдук. Толук кандуу ишке ашат. 30 жылдан бери кура албай келатабыз. Кудай буюрса үч жылда куруп бүтөбүз деп турабыз», - деди Садыр Жапаров.