Конституцияны өзгөртүүгө каршылык. Жеңиш Молдокматовдун кеңсесинде тинтүү жүрдү

09:48, 16 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери саясатчы Жеңиш Молдокматовдун үйүндө тинтүү жүргүздү. Бул тууралуу ал өзү билдирди.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тиндүү Тилекмат Куреновдун социалдык тармакта жазган постунун байланыштуу жүрүп жатканын айтышкан.

Жеңиш Молдокматовдун айтымында, келгендер куралдуу болушкан.