USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Өлкөдөн 59 миллиард сом чыгарып кеткен Бахтияр Жолдошбаевге издөө жарыялады

18:42, 15 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандан 59,5 миллиард сомду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө катышкан деген шек менен Кыргызстандын 48 жаштагы жараны Бахтияр Жолдошбаевге издөө жарыялады.

УКМК берген маалыматка ылайык, атайын кызматтын маалыматына ылайык бул кылмыш иши Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен иликтенип жатат.

УКМК издөөдө жүргөн Бахтияр Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат болсо атайын кызматтын нөөмөт бөлүмүнө 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, 0555-55-30-46 телефон номурларына билдирсе болот.

 

УКМК өлкөдөн 59,5 миллиард сомду салык төлөбөй сыртка чыгаруу ишине шектүү катары 2-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Казабеков кармаган. Атайын кызмат бул схема менен 2020-жылдын март айынан октябрга чейин Кыргызстандан 59,5 миллиард сом сыртка чыгарылып, андан 500 миллион сомдон ашык салык бюджетке түшпөй калганын кабарлаган.

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика