Кыргызстан менен Тажикстан Гулистанда чек ара маселесин талкуулоодо

10:34, 15 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан менен Тажикстан Гулистанда чек ара маселесин талкуулоодо. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өкмөттөн билдиришти.

Алардын маалыматында, чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссиянын жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстан тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстандан УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов катышууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасынын 504 чакырымы гана аныкталган.