Депутат Дүйшөн Төрөкулов абактан чыгып, Жогорку Кеңештин жыйынына келди

11:16, 11 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин коррупцияга шектелип кармалган депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынына катышууда.

Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кечээ, 10-мартта үй камагына чыккан.

Жогорку Кеңеште бүгүн Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш бериши күтүлүүдө. 

Мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. Макул деген добушун бергендер арасында жыйынга катышпагандар, арасында тергөө абагында жаткан Төрөкулов да бар экени белгилүү болгон.

Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда кармалган. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган. Депутат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган.

Ал абактан боштулганы тууралуу расмий маалымат бериле элек болчу.