18:06
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

УКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү көз карашынан баш тартты

«Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрү экстремисттик көз караштардан өз ыктыяры менен баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Нарындын үч тургуну «Йакын-Инкар» тобунун өкүлү экенин мойнуна алышты. Алар экстремисттик кыймылдын иш-аракеттеринен мындан ары катышуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда «Йакын-Инкар» уюму экстремисттик деп табылып, 2017-жылы ага тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар