Сирияда калган кыргыз жарандарын алып келүүгө учак жөнөтүлөт

15:37, 10 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Сирияда калган кыргыз жарандарын алып келүүгө учак жөнөтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү буйрукка кол коюлду.

«Чын. Ооба. Өкмөттүн буйругу чыкты. Атайын делегация барат. Алып келишет», — деди ал.

Айрым маалыматтарга караганда, Жакынкы Чыгыштын лагерлерине 137 кыргыз жараны 400 бала бар. Алардын көбү «Аль-Холь» лагеринде жашашууда.