Түркиянын тышкы иштер министри Бишкекке расмий сапар менен келди

10:17, 10 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Бишкекке расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ал өлкө жетекчилери менен жолугуп, Стратегиялык пландоо боюнча бириккен топтун 4-жыйынына катышат.

Жолугушууда эки тараптын кызматташтыгы, мурда жетишилген келишимдердин аткарылышы, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды мындан ары өнүктүрүү тууралуу сөз болот.

Мындан тышкары түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүү маселеси каралат.