13:28, 09 марта 2021, Бишкек - 24.kg
Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.
Буга чейин Бакытбек Нарбеков Жогорку Кеңеш аппаратындагы секторду жетектеп келген 2020-жылдын октябрь айында парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын тизмеси боюнча катышкан.