Активисттер колдоруна «Окуган кыз ордун табат», «Кыздар баары бир жеңишке жетет», «Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт», «Аялдар үчүн коопсуз жашоо», «Кызыл камчы сынсын», «Тынч митингдерге эркиндик» деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп жүрүштү.
Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурган. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылды.
Бул арада Ош шаарындагы активисттердааялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүшкө чыгышты. Ага катышкандар аялдар зомбулугуна каршы ураандарды көтөрүштү. Жүрүш Алишер Навои менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, шаардык мэриянын жанындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде жыйынтыкталды.