Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

10:22, 05 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Бүгүн таңкы саат 04:08де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Таргалак айылында 3 балл, Сопу-Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.