Толкун Камчыбекова өкмөттүн басма сөз кызматын жетектемей болду

09:31, 04 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Толкун Камчыбекова өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийешелүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов 3-мартта кол койду.

Толкун Камчыбекова буга чейин «Кыргыз алтын» мамлекеттик ишканасында басма сөз катчысы болуп иштеген.

Ал эми өкмөттүк аппараттын маалымат менен камсыздоо бөлүмүн буга чейин Бакыт Рысалиев жетектеп келген.