Мырзакат Тыналиев «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн башкы редактору болуп дайындалды

14:58, 03 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Тыналиев Мырзакат Бешкемпирович «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министри Улукбек Марипов кол койду.