Анжелика менен Гүлзада Рыскулова Бишкек шаардык кеңешке шайлоого аттанат

10:12, 02 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Ырчылар Анжелика Кайратова менен Гүлзада Рыскулова Бишкек шаардык кеңешке шайлоого аттанат.

Маалыматка караганда, Анжелика Кайратова «Биздин эл», Гүлзада Рыскулова «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышат.

Белгилей кетсек, 11-апрелде Бишкек, Ош шаардык кеңештерине жана 448 айылдык кеңешке шайлоо өтөт. Ага катышуу үчүн 15 партия катталды.