Садыр Жапаровду Казакстанга 12 аткаминер коштоп кетти

10:01, 02 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен кетти. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Аны менен кошо Казакстанга 12 аткаминер аттанды:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев;

— коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;

— энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов.