Нурлан Насиптин жаңы ырын уккан атасы көзүнө жаш алды

13:48, 01 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Белгилүү ырчы Нурлан Насип атасына арнап ыр жазып, анын кыска бөлүгү менен соцтармактагы баракчасында бөлүштү.

Ырчы ырына клип тарттырып, аны биринчилерден болуп үй-бүлөсүнө көрсөткөн.

Атасы клипти көрүп, көзүнө жаш алып, баласына ыраазычылык билдирди.