Финпол салык төлөбөгөн компаниядан 112 миллион сом өндүрдү

13:45, 01 марта 2021, Бишкек - 24.kg

«Скай Мобайл» компаниясы мамлекетке келтирген зыяндын 112,1 миллион сомун бюджетке кайтарды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматта аталган компания салык төлөөдөн качканы аныкталып, 2019-жылдын ноябрында Жазык кодексинин 232-беренесинин 2-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Мунун алкагында Финпол «Скай Мобайл» ЖЧКсына текшерүү жүргүзүп, натыйжада компания кирешесин жашырып өзгөчө ири суммадагы салык төлөбөй койгонун ачыкка чыгарган.

«Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында тергөөнүн жүрүшүндө аталган компания мамлекеттик бюджетке келтирген 112 миллион 103 миң 243 сомдук зыяндын ордун толтурду», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта Финпол тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана зыяндын ордун толтуруу иштери улантылып жатканы белгиленет.