АКШнын Чикаго шаарында биринчи кыргыз маданий борбору ачылат

13:15, 01 марта 2021, Бишкек - 24.kg

АКШнын Чикаго шаарында биринчи кыргыз маданий борбору ачылат. Бул тууралуу Америкадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, маданий борбордо түрлүү сабактар, семинарлар өткөрүлүп турат.

Диаспора өкүлдөрү имаратты сатып алуу үчүн мекендештерден жардам күтүшөт.