Сокулук районунда 14 жашар кыз спорт залда асынып алды

11:46, 01 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Сокулук районунда 14 жашар кыз мектептин спорт залында асынып алды. Маалыматты Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан ырасташты.

Маалыматка караганда, окуучу кыздын денеси мурдакы бала бакчанын имаратында жайгашкан спорт залда табылган.

Анын денесинен жиптин изинен башка белгилер табылган эмес.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.