Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов каза болду

09:07, 01 марта 2021, Бишкек - 24.kg

56 жашында Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов каза болду. Бул тууралуу «Бир-Бол» партиясы билдирди.

Маалыматка караганда, эл өкүлү узакка созулган оорудан көз жумду.

Ал 2015-жылы парламентке «Бир-Бол» партиясынан депутат болуп келген.

24.kg агенттиги Алмазбек Акматовдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтат.