Өткөн жума күнү Арменияда оппозиция өкүлдөрүнүн акциялары өткөн. Ишемби күнү өлкө президенти Армен Саркисян Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Оник Гаспарянды кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол коюудан баш тартканы белгилүү болгон. Буга чейин Гаспарян премьер-министрдин отставкасын талап кылган.
Бул талапты «аскердик төңкөрүш аракети» деп атаган Пашинян Башкы штабдын башчысын кызматтан алуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.
Армениянын Конституциясына ылайык, президент Башкы штабдын башчысын премьер-министрдин сунушу менен кызматка дайындап, кайра кызматтан алат. Бирок Армен Саркисян Оник Гаспаянды кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол коюудан баш тартууда.
Мындан соң Пашинян мындай сунушун президентке экинчи жолу жөнөттү. Эми президент үч күндүн ичинде жарылкка кол коюп же премьер-министрдин чечими боюнча Конституциялык сотко кайрылышы керек болот.